Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстандыктар Перс булуңундагы 7 өлкөдө жумушка орношсо болот

31.10.2022 11:21
294
Кыргызстандыктар Перс булуңундагы 7 өлкөдө жумушка орношсо болот

Сауд Арабиясы жана Перс булуңунун алты мамлекети Кыргызстандын жарандарын жумушка алууга даяр. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирген.


Мекеменин маалымат кызматы жазгандай, БАЭде кыргызстандыктарды Перс булуңундагы мамлекеттерге жумушка орноштуруу боюнча министрлик менен аталган өлкөлөрдүн менчик компанияларынын ортосунда келишимге кол коюу аземи болгон.

"Мамлекет башчы Садыр Жапаров чет жактагы кыргыз жарандарын жумушка мыйзамдуу орношуусуна, эмгек миграциясына өзгөчө көңүл бурууда. Бул үчүн министрлик Сауд Арабия, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмирлиги, Кувейт жана Иордания мамлекеттериндеги компаниялар менен келишим түздү", — деген министр.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө аталган өлкөлөргө 815 вакансия бар.

"Жумуш бере турган тарап визаны акысыз берип, ал жакка барган жол киресин төлөйт. Ошондой эле иштей турчу адам документтерге байланышкан иштерге да чыгым болбойт", — деген Базарбаев.

Министрлик кошумча маалыматты Жарандарды чет жакта жумушка орноштуруу борборуна барып же migrant.kg. сайтынан алса болорун кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн