Бугу 02, 2024
Убакыт: 11:42
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Кыргызстандыктар Россияга бир гана учак аркылуу бара алат

19.04.2022 08:32
503
Кыргызстандыктар Россияга бир гана учак аркылуу бара алат

Кыргызстандыктар Россияга коңшу Казакстан менен чектешкен кургактыктагы өткөрүү пунктулары аркылуу азырынча кире албайт. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.


Дипломатиялык өкүлчүлүктөн 2022-жылдын 11-апрелинен тартып Казакстан Кыргызстан, Россия, Өзбекстан менен кургактыктан өтүүчү чек араларын ачканын эске салды. Бирок РФтин коронавирус боюнча чектөөлөрү алынбагандыктан чет өлкөлүктөргө, анын ичинде кыргызстандыктарга Россияга кара жол менен кирүүгө болбойт. Ал эми автоунаа менен Россиядан чыкканга уруксат берилген.

Элчилик Кыргызстандын жарандарынан Россиянын жогоруда аталган автоунаа аркылуу чыгууга гана уруксат боюнча маалыматты эске алууну өтүнөрүн билдирген. Учурда кыргызстандыктарга Россия Федерациясынын аймагына аба аркылуу гана кирүүгө уруксат берилген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн