Бугу 04, 2024
Убакыт: 18:29
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандыктар эми QR-код аркылуу дарылар тууралуу маалымат алса болот

03.03.2023 13:05
287
Кыргызстандыктар эми QR-код аркылуу дарылар тууралуу маалымат алса болот

Кыргызстанда QR-код аркылуу дары-дармектер жөнүндө маалымат алуу үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыгууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директору Айнура Абалиева билдирди.

Ал тиркеме учурда тестирлөөдөн өтүп жатканын айтып, жакында Google Play Store платформасында пайда болорун кошумчалады.

“Жакын арада мобилдик тиркеме жеткиликтүү болуп, жарандар дарылардагы QR-код аркылуу тиешелүү маалыматтарды ала алат. Алсак, анда дарынын мыйзамдуу ташып келингени, ким өндүргөнүн, сериялык номери, жарактуу мөөнөтү жана анын базардагы баасы жана башкалар тууралуу маалыматтар камтылат. Эгер дарылар мыйзам жолу менен ташылып келген болсо, анда ал тиркемеде жайгаштырылат. Тиркемеден кайсы бир дары тууралуу маалымат чыкпаса, өлкөгө мыйзамсыз ташылып келиши мүмкүндүгүнөн кабар берет. Бул учурда жарандар аталган дары сапатсыз же кооптуу экенин билип, аны сатып албай калат”, - дейт ал.

Абалиева система дарылардын сапатын көзөмөлдөөнү жакшыртууга, ошондой эле бейтаптардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого жардам берерин кошумчалады.

“Дары-дармектердин таңгагында QR-коддун болушу талап кылынгандыктан, фармацевтикалык компаниялар аларды 2023-жылдын аягына чейин бардык продукцияга киргизиши керек”, - деди департаменттин директору.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн