Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 12:56
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кыргызстандыктар качан кичи ажылык аткара алышат?

16.12.2020 16:06
886
Кыргызстандыктар качан кичи ажылык аткара алышат?

Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев бүгүн Сауд Араб Падышачылыгынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман Аль-Жумду кабыл алды. Бул тууралуу  Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравиясынын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.


Ниязалиев эки өлкөнүн борборлорунун ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселесин тездетүүнүн, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын эске алуу менен Кыргызстандын жарандары үчүн Сауд Арабиясындагы мусулмандардын ыйык жайларына зыярат кылуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Буга чейин Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Сауд Аравиясы 1-ноябрдан баштап 108 мамлекеттен кичи ажылыкка (Умра) барууну каалаган чет элдик жарандарды кабыл ала баштагандыгын билдирген. Кыргызстан Иран, Египет, Катар, Италия менен катар умрага барууга убактылуу тыюу салынган өлкөлөрдүн катарына кирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн