Чет мамлекеттердеги кыргызстандыктарды мекенине кайтарууга кеткен акчалар коронавируска каршы күрөшүү боюнча фонддон чыгымдалабы? Бул суроого финансы министри Бактыгүл Жеенбаева 6-июлдагы брифингде жооп берди.
Анын айтымында, ТИМге мамлекеттик бюджеттен гана каражаттар бөлүнөт, бул акча коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга толугу менен бөлүнүүдө.
“Жарандарыбыздын ыктыярдуу кайрымдуулук кылууларынын натыйжасында топтолгон каражаттар медициналык кызматкерлерге кошумча төлөмдөргө кетип жатат. Бардык тизмелер Саламаттыкты сактоо министрлигинде бар жана бардык документтештирүүлөр биз менен жактырылат. Бул акчалар Жогорку Кеңештин депутаттары жана Өкмөт менен коомчулуктун өкүлдөрү кирген комиссиянын чечими боюнча гана пайдаланылат”, - деди Бактыгүл Жеенбаева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн