Кыргызстандыктар ноябрь айында төрт күн катары менен эс алышат. Бул маалыматты Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Быйыл 7 жана 8-ноябрь дүйшөмбү жана шейшемби күндөрүнө туура келгендиктен, беш күндүк иш графиги менен иштеген жарандар 5-8-ноябрга чейин эс алышат.
Кошумчалай кетсек, мектептерде күзгү каникулдар 31-октябрдан 6-ноябрга чейин болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн