Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 10:58
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргызстандыктар "Республиканы", “Алдыга жолду” колдойт!

02.10.2020 12:59
831
Кыргызстандыктар "Республиканы", “Алдыга жолду” колдойт!


"Республика" партиясы үгүт иштерин алып барып, кыргызстандыктарга мамлекеттеги олуттуу реформаларды өткөрүү багытындагы "Алдыга жол" программасын сунуштады. Жолугуулар Кыргызстандын жети облусунун бардык райондорунда өттү. Депутаттыкка талапкерлер менен шайлоочулардын жолугушуулары Ысык-Көл облусунан башталды. Партиянын лидери Мирлан Жеенчороев мамлекеттин өнүгүүсүн  саясый  реформалардан  башташ  керектигин айтып кетти:


"Биз парламентте жүрүп да  сиздер тарапта болгонубузга сыймыктанабыз. Бирок, басымдуу бөлүгү эки жүздүү, кошоматчы болуп калды. Алар санды көбөйтүп, сапаты жок болуп, элге иштебей, бир ууч адамдарга кызмат кылуу менен алектенди. Ошол себептен биз программада депутаттардын санын 120дан 75ге кыскартабыз деп айтып жатабыз.

Биз дагы бир  жобо киргизип жатабыз, ага ылайык, эгерде татыктуу эл өкүлү боло албаса, эл ага нааразы болсо 10 миң кол топтоо менен депутатты кайра артка чакыртып алсаңар болот.  Ошондо иштебеген  кнопка баскыч”  депутаттары жумуштан алып салса болот", - деди "Респулика" партиясынын лидери.


Нарындыктар менен жолугушууда сөз алган "Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер, журналист Тынчтык Алтымышев болсо элдин көңүлүн учурдагы өлкөнүн экономикалык абалына бурду:


"Өлкө азыр кызыл чекте турат. Бюджетте акча жок. Пандемияга деп донорлор берген каражаттарды өкмөт пенсия, жөлөк пулдарга таратып коюп отурат. 500 миллион доллар жиги жок кетти. Сыртка карызыбыз 5 миллиард доллардан ашты.

Чукул арада жасалган реформаларды жон терибиз менен сезгидей бололу. Алдыга жолду тандайлы! Артка жол - коркунучтуу. Биз мамлекеттүүлүктү жоготуп алышыбыз мүмкүн. Тандоодон жаңылбаңыздар! "Республика" номер 14, "Алдыга жолду тандаңыздар", - деди Тынчтык Алтымышев.


Баткен облусунун чек арасында аткезчилик, паракорчулук  ээ-жаа бербей өнүгүп жатат, дал ушул себептен "Республика" партиясы коррупцияга ачык-айкын күрөш жарыя кылганын жергиликтүү тургундарга Назарали Арипов айтты:


"Кыргызстандын чек арасы коррупциянын борбору болуп калды! Ар бир жүк ташыган унаалардан алына турган мамлекеттик салык пара болуп жеке тараптардын  чөнтөгүнө түшүп жатат. Биз коррупционерлер, бандиттер, уурулар менен ачык күрөшүүбүз керек. Азыр кээ бир партиялар жарандарды Кадамжайдан Ошко алып барып форма-2 менен каттап жатат. Бул эмне дегендик?  Мындай ыплас  ыкмалар менен  шайлоону өткөрө турган болсок,   мамлекетибиз туңгуюкка такалат. Элдин добушун сатып  алам деген – мамлекетти жок кылам дегенге барабар!", - деди Арипов.


Ош облусунун Араван, Алай, Өзгөн райондорунун жана Ош шаарынын тургундары менен жолугушууларында "Республика" партиясынан  депутаттыкка талапкер  Руслан Казакбаев  партия  өлкөдөгү экономикалык, саясый жоопкерчиликти  толук  мойнуна алууга  даяр экенин билдирди:    


"Эски саясатчылар убада берсе ишенбегиле! Алардын  колунан  келсе,  Кыргызстан  эчак  гүлдөп-өнүкмөк! Биз ар бир жараныбыздын жашоосун өзгөртүүгө  жоопкерчиликти алганга даярбыз. Буга чейин берген сөзүбүздү силердин колдооңор менен ишке ашырдык.  Бул  жолу да реалдуу реформаларды  камтыган “Алдыга жол” программасы менен баратабыз.  Коррупцияны жалгыз президент же укук коргоо органдары жеңе албайт. Андыктан, биз өзүбүздүн ичибизде, жүрөгүбүздө, акылыбызда реформа жасашыбыз керек. "Республика" партиясынын  мамлекеттин келечеги үчүн кызмат кыла турган программасы даяр", - деди Руслан Казакбаев.


Базар-Коргон, Сузак, Аксы, Ноокен райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын тургундары  “Республика” партиясынын программасы менен таанышып,  кызуу колдоого алышууда. "Республикадан" депутаттыкка талапкер Акпарали Калматов партиялар беш жыл сайын убада берип, пара менен шайланганын эске салды:


"Азыркы учурда эң ыплас шайлоо болуп жатат деп ойлойм. Анткени, мугалимдерди, дарыгерлерди, бюджеттик кызматкерлерди коркутуп, бизге шайлагыла деп мажбурлап жаткан партиялар бар. Кээ бири элдин добушун сатып алып жатышат. Алар айылдарга барып мекемелердин чатырларын оңдоп, майда –чүйдө иштерди аткарып добуштарды чогултуп жүрөт. Бирок , ушундан   айылдыктардын жашоосу толугу менен оңолобу?  Ошондуктан,  шайлоо күнү  өлкөнү  өнүктүрүүгө   дарамети  жете турган   "Республиканы" колдоп бергиле деп суранам", - деп талапкер жыйынтыктады.


Талас облусунун Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата райондорунун жана Талас шаарынан тургундары "Республика" партиясын кубануу менен тосуп алышты. Депутаттыкка талапкер Кенжебек Бокоев шайлоодо добуштарды сатып алгандардын  ниети бузук экенин айтып, аларды ачыкка чыгарууну сунуштады:


"Республика" партиясы туура жолдо! Биздин "Алдыга жол" – чыныгы программа! Эч ким бизди пара алды деп айта албайт, анткени, биздин депутаттарыбыз Жогорку Кеңешке байлык үчүн барган эмес. Азыркы учурда Талас облусунун айылдарында форма-2 менен башка айылдардын тургундарын тизмеге киргизип жаткан учурлар бар. Акча тараткандарды четке кагып, шайлоодон кийин алардын атын ачыкка чыгарышыбыз керек. Келечекти көздөй  "Республика" партиясы менен бирге кадам  таштап,  мамлекеттеги оор абалды оңдоого салым кошкула", - деп Кенжебек  Бокоев элди чакырык  жасады.


Чүй облусунун эли менен жолугушууда  депутаттыкка талапкер Эсенгул Исаков "Республика" партиясы олуттуу реформаны ишке ашырганга күчү жетет деп  ишендирди:


"Силердин колдооңор менен мамлекеттин келечегин куруп, эгемендүүлүгүн сактаганга "Республика" партиясынын күчү, кайраты, сабаттулугу,эрки  жетет деп ишенем. Программада асмандагы айды убада кылбай,  жашообузду жакшы  жакка  реалдуу  өзгөртө турган  кадамдар  жазылган. Азыр акчалуулар бир айылдын элин бөлүп, мушташтырып жатат. Силердин чогулганыңар бул акча үчүн эмес, өлкөнүн келечегине кайдыгер карабай, "Республика" үчүн деп келгениңерди билдирет", - деп талапкер жыйынтыктады.



Буйрутмачы: "Республика" саясий партиясы. ИНН  01708200710163. "Республика" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн