Бугу 06, 2024
Убакыт: 21:28
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандыктар жаңы жылда 8 күн эс алышы мүмкүн

20.11.2022 08:41
319
Кыргызстандыктар жаңы жылда 8 күн эс алышы мүмкүн

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги “2023-жылга майрам күндөрүн жылдыруу жөнүндө” министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.


Документ дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында иштелип чыккан.


Долбоордо мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелердин жана ишканалардын беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлерине узак мөөнөттүү эс алуу күндөрүн белгилөө сунушталат:


Сунушталып жаткан эс алуу күндөрү:


— 1-январь жекшемби болгондуктан 2-январь эс алуу күнү болот


— Рождество майрамынын (7-январь) ордуна эс алуу боло турган 9-январдагы эс алуу 3-январга которулат


— 4-январдын ордуна 25-февраль (ишемби) жумуш күнү болот


— 5-январдагы иш күнү 11-март (ишемби) менен алмашат


— 6-январдын ордуна -25-март (ишемби) жумуш күн


— 7,8-январь —ишемби жана жекшемби.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн