Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:40
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Кыргызстандыктарды Японияда ишке орноштуруу маселеси талкууланды

24.07.2024 09:40
333
Кыргызстандыктарды Японияда ишке орноштуруу маселеси талкууланды


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Япониянын Шибата шаарынын мэри Каору Никайдо менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар кыргызстандык жаштарды Ниигата Префектурасында жайгашкан Шибата шаарына жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бакыт Дарманкул уулу КР Эмгек министрлиги менен Япониянын Юстиция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Эмгек жана бакубатчылык министрлиги жана Япониянын улуттук полиция агенттиги менен кызматташуу жөнүндө кол коюлган меморандумдун алкагында эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн