Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:28
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кыргызстандыктардын 47 пайызы эмдөөдөн өттү

19.01.2022 08:28
921
Кыргызстандыктардын 47 пайызы эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда калктын 47 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.


Ал өз сөзүндө коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы эмдөө экендигин эске салды. "Бүгүнкү күндө өлө боюнча жалпы 1 млн 270 миң 517 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 62 миң 86 жаран экинчи компоненти менен эмделди. Бул калктын 47 пайызын түзөт", - деди ал.


Министрдин орун басары жалпы республика боюнча 860тан ашуун эмдөө пункту бар экендигин айтты. "Дарыгерлерибиз даяр, өзүңүзгө жакын жерде жайгашкан эмдөө пункттарынан вакцина алууга чакырам", - деп Жалалидин Рахматуллаев жалпы кыргызстандыктарга кайрылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн