Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:16
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандыктардын Түркияда визасыз жүрүү режимин узартуу маселеси талкууланды

10.03.2023 09:42
259
Кыргызстандыктардын Түркияда визасыз жүрүү режимин узартуу маселеси талкууланды


Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын башчысы Хайрие Нурдан Алтунташ менен жолукту. Бул тууралуу элчи өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, жолугушууда Кыргызстандын жарандарынын Түркияда жашоосу жана эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруусу, КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле өз ара сапарларга байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Казакбаев Түркиядагы кыргызстандыктар үчүн жашап турууга уруксаттын (oturma izni) баасын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап, кыргыз тарап Түркия жарандары үчүн визалардын баасын төмөндөтүүгө даяр экендигин билдирген.

"Түрк кесиптешиме "кара тизмедеги" Кыргызстандын жарандары Түркияга кире албай жаткан кыйынчылыктар тууралуу айтып бердим. Түркияга виза алуу үчүн документтерди кабыл алган визалык борбордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн кымбаттаганына көңүл буруп, Ош шаарында алардын филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштадым. Мындан тышкары, биз Нурдан Алтунташ менен Кыргызстандын жана Түркиянын жарандарынын ички документтери (ID-карталар) боюнча өз ара сапарга чыгуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле КР жарандары үчүн Түркиянын аймагында визасыз режимди узартуу маселесин талкууладык", - деп жазды Казакбаев.

Соңунда тараптар эки өлкөнүн жарандарынын жашоо жана өз ара сапарга чыгуу шарттарын жеңилдетүүнүн конкреттүү кадамдарын жана механизмдерин талкуулоо үчүн жумушчу байланыштарды улантууга жана консулдук консультациялар форматында эксперттик жолугушуу уюштурууга макулдашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн