Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстандыктардын канча пайызында коронавируска антителосу бар?

Кыргызстандыктардын канча пайызында коронавируска антителосу бар?

Кыргызстандын калкынын 71,2 пайызынын коронавируска каршы антителосу бар. Бул 1-апрелге карата алынган маалыматтар, - деп билдирди "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов.


Анын айтымында, бул оорунун өсүшү азайышы керек дегенден кабар бербейт.


"Калктын 28 пайызында антитело жок, бул болжол менен 1 млн 800 миң адамды түзөт. Биздин маалыматтар боюнча, коронавирус жуккандардын 50 пайызында оору симптомсуз өтөт. Ошентип антителасы жок жарандарды экиге бөлгөндө - 900 миң калк болот. Бүгүнкү күндө алар бир убакытта илдетти жуктуруп алышы мүмкүн. Элдер той өткөрүп, коомдук унааларда тыгылып жүрүшөт, мында коронавирусту жуктуруп алуу тобокелдиги жогору", - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн