Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 04:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Кыргызстандыктарга «COVIDсиз саякат» программасына киргенден кийин кандай жеңилдиктер берилет?

02.03.2021 15:27
519
Кыргызстандыктарга «COVIDсиз саякат» программасына киргенден кийин кандай жеңилдиктер берилет?

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын 26-февралында Россия Федерациясына жасаган алгачкы чет элдик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артём Новиковдун Россия Федерациясынын Өкмөт Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.


Жолугушууда эки жактуу кызматташуунун бардык маселелери, анын ичинде эки мамлекеттин башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу талкууланды.


Тараптар Россиянын «COVIDсиз саякат» программасына Кыргыз Республикасынын катышуусу маселесин кеңири талкуулашты. Бул программага катышуу үчүн кыргыз медициналык лабораторияларынын Россия керектөөчүлөр көзөмөлүнүн талаптарына шайкештигин баалоо боюнча макулдашууга жетишилди. Бул чечим кыргыз жарандарынын Россия Федерациясынын аймагына кирүүсү үчүн негиздеме алуу зарылчылыгын жокко чыгарууга мүмкүндүк берери күтүлүүдө.


Тараптар билим берүү жаатында кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, атап айтканда, кыргызстандык студенттердин Россиянын ЖОЖдорунда билим алуусуна акысыз квоталарды көбөйтүү жана «Россиялык мугалим чет өлкөдө» программасы боюнча Россия Федерациясынын мектеп мугалимдеринин санын көбөйтүү жөнүндө макулдашылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн