Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 15:55
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргызстандын демократиядан башка тандоосу жок, - Жеенбеков

24.09.2021 14:06
5475
Кыргызстандын  демократиядан башка тандоосу жок, - Жеенбеков


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго Равшан Джеенбеков кайрылуу жолдоду.


"Урматтуу Садыр мырза,


Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын трибунасынан Кыргызстан демократияга багыт алат деген сөзүңүздөн кийин сизге кайрылууну туура таптым.


Бул сөзүңүздү жана идеяңызды толугу менен колдойм. Себеби өлкөбүздүн демократиядан башка тандоосу жок экенин мен дагы жакшы түшүнөм. Демократия гана бизге, азыркы оор социалдык-экономикалык абалдан чыгууга, жакырчылык, жумушсуздук, адилетсиздик жана өлкөбүздүн өнүгүү маселелерин чече алат.


Ар бир келген президентке, бийлике тарых мүмкүнчүлүк берет, эл үмүт артат. Сиздин дагы бардык мурдагы президенттер сыяктуу эле демократиялуу, адилеттүү, укуктуу өлкө курууга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Сиз дагы мага окшоп адилетсиздиктин, түрмөнүн азабын тартып, адам укугу, эркиндик эмне экенин түшүнгөн саясатчы катары, ушул мүмкүнчүлүктү кетирбей чыныгы демократиялык баалулуктарды өнүктүрөт деп ишенгим келет. Кандай өлкө курасыз, жаңы Конституцияга ылайык, биринчи кезекте, сиз чечесиз, сиздин колуңузда.


Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасы аркылуу дүйнөгө жана өлкөнүздүн жарандарына демократиялуу өлкө курам деп жарыя кылган соң, сизге, кандайдыр бир реалдуу кадамдарды жасоого туура келет. Эгер туура көрсөңүз, төмөнкү кадамдарды жасооңузду суранам. Бул кадамдар сизге эл аралык коомчулуктун, жарандык коомдун, эркин журналисттердин жана эгемендүү саясатчылардын ишенимин, колдоосун алып келет.


1. Маалыматты манипуляциялоо жана бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө боюнча кабыл алынган мыйзамдарды жокко чыгартыңыз.
2. Европа кеңеши жана АКШ менен көп жылдардан бери бүтпөгөн эки тараптуу келишимдерге кол коюңуз.
3. Саясий өңүттө камалган саясатчыларды, жарандык активисттерди эркиндике чыгарыңыз.
4. Укук коргоо органдарынын активдүү жарандарга, ишкерлерге жана бизнеске басым жасоосуна тыю салыңыз, чора көрүңүз.
5. Соттук-укуктук реформаны баштап, реформаны даярдаган топтордун башына жарандык коомдун лидерлерин, саясий оппоненттериңизди коюңуз.
6. Жаныңызга мурдагы бийликтерден калган кошоматыларды, саясатчыларды, депутаттарды жолото көрбөңүз.
7. Улуттун, саясатчылардын башын бириктирип, улуттук-саясий диалогко барыңыз.


Урматтуу Садыр Мырза,
Кыргызстан оор жана терең экономикалык кризиске такалды. Бул кризис өлкөбүздүн, элибиздин жашоосунун бардык тармагына таасир берүүдө. Саясий, социалдык абалды оорнотууда. Ушундай учурда, өлкөнү демократиялык багыт жана реформалар гана стабилдүүлүкө жана биримдикке алып келе алат, эл аралык изоляциядан чыгарат, инвесторлорго жана ишкерлерге ишеним жаратат, төңкөрүштөрдөн арылтат, жакырчылыктан чыгууга жардам берет. Эл аралык коомчулуктун алдында, Кыргызстан демократиялык өлкө экенин далилдейт".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн