Бугу 14, 2024
Убакыт: 12:20
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстандын БУУдагы өкүлү COVID-19 менен күрөшүү үчүн дүйнөлүк кызматташтыктын маанисин белгиледи

03.07.2020 19:26
1031
Кыргызстандын БУУдагы өкүлү COVID-19 менен күрөшүү үчүн дүйнөлүк кызматташтыктын маанисин белгиледи

 

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жогорку деңгээлдеги “Пандемиялар жана коопсуздук” темасында виртуалдык ачык дебаты болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Видеоконференция форматында өткөн ачык дебатка БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин (ПКК) президенти Питер Маурер, Африка Союзунун социалдык маселелер боюнча комиссары Амир Элфадил Мохаммед, ошондой эле БУУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү М.Молдоисаева катышты.


Кыргызстандын туруктуу өкүлү өз сөзүндө, пандемия шартында эл аралык коомчулуктун күч аракеттерин бириктирүү, ошондой эле дүйнөдө куралдуу чыр-чатактардын алдын алуу зарылдыгын белгиледи.


Атап айтканда, коронавирус пандемиясы Бириккен Улуттар Уюмунун жана анын Коопсуздук Кеңешинин борбордук ролу менен бүткүл эл аралык коомчулуктун тез арада биргелешкен күчү жана чечкиндүү аракеттерин талап кылат.


БУУнун Башкы катчысы А.Гутерриштин дүйнөлүк ок атууну токтотуу чакырыгын жана COVID-19 пандемиясына каршы ийгиликтүү күрөшүү үчүн эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү колдой тургандыгын белгиледи.


Мындан тышкары, М.Молдоисаева ошондой эле COVID-19 менен күрөшүү үчүн дары-дармектерге, вакциналарга жана медициналык жабдыктарга дүйнөлүк жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн өзгөчө маанисин белгиледи.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн