Бугу 14, 2024
Убакыт: 03:11
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кыргызстандын Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарына катышуусу талкууланды

17.02.2021 16:00
538
Кыргызстандын Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарына катышуусу талкууланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фыратты кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.


Маалыматка ылайык, элчи министр Иманалиевди министрлик кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп өттү. Анда министрлик көзөмөлдөгөн тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы багыттары, анын ичинде Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарына кыргыз тараптын катышуусу талкууланды.

Кайрат Иманалиев өз кезегинде Түркия менен мындан аркы өз ара кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн