Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги тарабынан 4-октябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата көрүлүп жаткан даярдыктар менен Россиядагы мигранттардын федерациясынын президенти Вадин Коженов таанышты.
Жолугушууда элчи Аликбек Жекшенкулов билдиргендей, Россиядагы мигранттар үчүн элчиликтин консулдук бөлүмүндө эки шайлоо тилкеси ачылган.
"Учурда шайлоочулар активдүү болуп жатышат. Мурда Москва шаары жана Москва облусунда 2,5 миң шайлоочу болсо, азыр кыска мөөнөттүн ичинде алардын саны эки эсе көбөйүп, жалпы саны 5 миң адамды түздү", - деди элчи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн