Чын курандын 24, 2025
Убакыт: 19:38
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Кыргызстандын «Номад» триосу "Интервидение-2025” эл аралык музыкалык сынагына катышат

24.04.2025 12:32
42
Кыргызстандын «Номад» триосу "Интервидение-2025” эл аралык музыкалык сынагына катышат


Кечээ Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Интервидение-2025” эл аралык музыкалык сынагына улуттук тандоо туру болуп өттү.


Маданият министрлигинен билдиришкендей, сынактын жыйынтыгында “Номад” триосу жеңүүчү деп табылды. Трионун курамында Бек Исраилов, Миңжашар Мурзаев жана Азат Раимбердиев бар.


Улуттук тандоо туру концерттик шоу форматында өтүп, ага 14 аткаруучу катышып, 12 музыкалык номер көрсөттү.


Жеңүүчүлөрдү Кыргызстандын белгилүү артисттеринен жана музыка чөйрөсүндөгү кесипкөйлөрдөн турган калыстар тобу аныктады. Калыстар тобунун төрагасы маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков болду.


Мындан тышкары, түз эфир учурунда көрүүчүлөргө “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон аткаруучу” аттуу атайын номинация боюнча добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилди. Элдин колдоосу менен Урмат Токомбаев аталган номинациянын жеңүүчүсү болуп, 150 000 сомдук акчалай сыйлык менен сыйланды.


Улуттук тандоо турунун жеңүүчүлөрү - “Номад” триосу — Кыргызстандын атынан Россияда өтө турган “Интервидение-2025” эл аралык музыкалык сынагында өлкө намысын коргойт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн