Бугу 06, 2024
Убакыт: 20:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде мушташ чыктыбы?

26.07.2021 11:35
768
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде мушташ чыктыбы?
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратындагы мушташ тууралуу комментарий берди.

Бул тууралуу маалыматты 25-июль күнү Россиянын айрым ЖМКлары жазган. Элчиликтен билдиришкендей, 24-июль күнү кыргызстандык аялга консулдук жардам көрсөтүлүп жатканда, аны менен чогуу келген эркек киши кызматкерлерге карата орой сөздөрдү айтып, абийирине шек келтирип, алардын сыртка чыгып туруңуз деген өтүнүчүн аткарган эмес. Ошондон улам тараптар мушташа кетип, ал эркек консулдук бөлүмдөн күч колдонулуп сыртка чыгарылган.

Мындан соң ал КРдин ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү жана полицияга өткөрүп берилген.

"Сөз болуп жаткан киши Россиянын жараны экени белгилүү болду. Ошол эле учурда маалыматтар базасы аркылуу анда Кыргызстандын паспорту дагы бар экени аныкталды. Анын өзүн кандай алып жүргөндүгүн кабылдамада кезек күтүп турган жарандар дагы көрүштү. Кабыл алып, кызмат көрсөтүп жаткан кызматкер ага карата тиешелүү чара кабыл алуусун өтүнүп укук коргоо органдарына арыз жазды", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле элчилик учурда кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Эгер кызматкер тарабынан катачылык кеткени далилденсе, тиешелүү чара көрүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн