Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Сирия Араб Республикасынын жаңы өкмөтүнүн тышкы иштер министри Асаад Хасан Аль-Шайбани жана Бруней-Даруссалам мамлекетинин тышкы иштер министри Дато Ирван бин Бахин Юсуф менен жолукту.
Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу үстүбүздөгү жылы 7-мартта Жидда шаарында өткөн Ислам кызматташтык уюмуна (ИКУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин Чукул жыйынынын алкагында өттү.
Жолугушууда Кыргызстан менен Сириянын жана Брунейдин ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл эл аралык уюмдардын, анын ичинде ИКУнун алкагында өз ара кызматташууну чыңдоого бурулду.
Элчи Марипов Сирия тарапты ИКУга мүчөлүгүн калыбына келтирүүсү менен куттуктап, КР тышкы иштер министринин саламын жеткирди жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле Брунейдин ТИМ башчысы менен болгон сүйлөшүүлөрдө тараптар кызматташууну кеңейтүү жана эл аралык түзүмдөрдө өз ара аракеттенүү келечеги боюнча пикир алмашты.
Өлкөлөрдүн эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттешүүсүнө өзгөчө көңүл бурулуп, Кыргызстандын БУУдагы глобалдык демилгелери тартууланды.
Жолугушуулардын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташууну чыңдоого жана кеңейтүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашууларга жетишилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн