Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 00:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси көз жумду

11.07.2023 13:40
492
Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси көз жумду


Рустенбеков Жаныш Султанкуловичтин 74 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

КР Тышкы иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын, КР чет өлкөдөгү мекемелеринин жана дипломатиялык кызмат органдары системасынын ведомстволук уюмдарынын жамааттары мурдагы элчинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Рустенбеков Жаныш Султанкулович 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Октябрьское айылында туулган.

1977-жылдан тартып мамлекеттик кызматта жүргөн, 1990-1994-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин (1993-ж. баштап Жогорку Кеңеш) 12-чакырылышынын («Легендарлуу парламент») депутаты.

1993-1994-жылдары Мамлекеттик катчы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси, 1994-1995-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Мамлекеттик катчы кызматтарын аркалаган.

1995-1996-жылдары Ош облусунун губернатору болуп иштеген.

1996-2000-жж. КР Өкмөтүнө караштуу Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору кызматын ээлеген.

2000-2005-жылдары – КР Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Стратегиялык өнүгүү, өнөр жай жана ишкердик комитетинин Төрагасы.

2005-2007-жж. КР өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.

2007-2022-жж. Кыргыз Республикасынын Казакстандагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жамаатынын эсинде Рустенбеков Жаныш Султанкулович көп жыл өмүрүн мамлекеттик кызматка арнаган көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, саясатчы жана дипломат катары катталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн