Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстандын Түркмөнстандагы мурдагы элчиси Базарбай Мамбетов каза болду

23.10.2023 10:32
239
Кыргызстандын Түркмөнстандагы мурдагы элчиси Базарбай Мамбетов каза болду


Нефтетрейдерлер ассоциациясынын мурдагы жетекчиси, Кыргызстандын Түркмөнстандагы мурдагы элчиси Базарбай Мамбетов каза болду.


Базарбай Мамбетов 1948-жылы 6-майда Талас районунун Балбал айылында туулган.


1990-жылдары Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттер аралык кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болгон. Борбордук Азия экономикалык кеңешинин Мамлекеттер аралык кеңешинин аткаруу комитетинде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү, вице-премьер-министрлик даражадагы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык шериктештиктеги туруктуу өкүлү (2005-ж.) болуп иштеген.


2005-жылдын июлунан тартып - Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти. 2010-жылдын майынан 2011-жылдын мартына чейин - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн ЕврАзЭС жана КМШ иштери боюнча улуттук координатору.


2011-жылдын мартынан 2013-жылдын 14-майына чейин - Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчиси.


Базарбай Мамбетов 74 жашта болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн