Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги штаттык режимде иштеп жатат

04.03.2022 10:22
491
Кыргызстандын Украинадагы элчилиги штаттык режимде иштеп жатат

Украинанын Кыргызстандагы элчилиги ишин улантып, кадимки тартипте иштөөдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин директору Нурлан Суеркулов билдирди.


Анын айтымында, 3-мартта тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Украинанын элчиси Валерий Жовтенко менен жолугуп, анын жүрүшүндө бир катар маселелер, анын ичинде Украинадагы азыркы кырдаал талкууланды.

“Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстан эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана нормаларынын алкагында мындан аркы курмандыктарга жана кыйроолорго жол бербөө үчүн аскердик жаңжалды токтотууну жана аны саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана тынчтык жолу менен чечүүнү жактап келген жана жактап келет. Ошондой эле жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышын кубаттайт”, - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн