Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 21:13
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Кыргызстандын ЖОЖдорун Пакистандын "кара тизмесинен" чыгаруу талкууланды

25.08.2021 16:24
591
Кыргызстандын ЖОЖдорун Пакистандын "кара тизмесинен" чыгаруу талкууланды

2021-жылдын 24-августунда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия өлкөлөрү жана Экономикалык кызматташтык уюму (ЭКУ) департаментинин башкы директору Акса Наваз менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет.


Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери талкууланды, анын ичинде соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү, андан тышкары КРнын медициналык жогорку окуу жайларын Пакистан медициналык комиссиясынын "кара тизмесинен" чыгаруу, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ортосунда иш сапарлары менен алмашуу маселелери талкууланды.


Элчиси У.Тотуяев Кыргызстандагы ички саясий кырдаалдын турукташуусу, өлкөнүн экономикалык жана инвестициялык потенциалы, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарынын кайра жандануусуна кызыгуу тууралуу маалымат берди.


Өз кезегинде, Акса Наваз эки өлкөнүн мамилелерин тереңдетүүгө жана активдештирүүгө даяр экенин ырастап, биргелешкен жол жана логистикалык долбоорлорду илгерилетүү боюнча аракеттерди бириктирүү зарылдыгын баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн