Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстандын алтын запасы 50 тоннадан ашты, - Акылбек Жапаров

06.10.2023 09:10
592
Кыргызстандын алтын запасы 50 тоннадан ашты, - Акылбек Жапаров


Кыргызстан алтындын корун көбөйтүп жатат, анын деңгээли 50 тоннадан ашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.


«Өкмөт көрүп жаткан чаралардын аркасында азыр Улуттук банкта 50 тоннадан ашык алтыныбыз бар. Азыркы геосаясий жана экономикалык тенденциялар өзгөрүп жаткан доордо бул бизге стабилдүү өнүгүүгө жана өлкөбүздүн келечегин камсыздоого мүмкүнчүлүк берет», — деп жазды ТАСС өкмөттүн басма сөз кызматына таянуу менен.


Акылбек Жапаровдун айтымында, жалпысынан республиканын аймагында ар кандай пайдалуу кендердин 15 миңге жакын кени табылган. Алардын 500гө жакыны учурда активдүү иштеп жатат.


“Бүгүнкү күндө өлкөдө отун-энергетикалык ресурстар боюнча 26, баалуу металлдар боюнча 60, түстүү жана сейрек кездешүүчү металлдар боюнча 36, гипс, сары таш, туз жана башка кендер бар. Бизде Жалал-Абад, Ысык-Ата, Арашан сыяктуу 15тен ашык минералдык суулар бар. Алар мамлекетке миллиарддаган доллар киреше алып келип, ИДП 1 триллион сомдон ашты (болжол менен 11,29 миллиард доллар)”, - деп кошумчалады министрлер кабинетинин башчысы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн