Бугу 10, 2024
Убакыт: 23:10
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандын аскердик контингенти биргелешкен стратегиялык-оперативдик машыгууга катышуу үчүн Беларуска барды

28.08.2023 17:11
184
Кыргызстандын аскердик контингенти биргелешкен стратегиялык-оперативдик машыгууга катышуу үчүн Беларуска барды


КР Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти биргелешкен стратегиялык-оперативдик "Күжүрмөн боордоштук – 2023" машыгуусуна катышуу үчүн Беларуска барды. Бул тууралуу Генералдык штаб билдирди.


Иш-чарага Кыргызстандан тышкары Казакстан, Тажикстан, Беларусь жана Россия мамлекеттери катышат. Республикадан 80ге чукул аскер бара турганы айтылган.


Машыгуу 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Беларустун аскер полигонунда өтөт.


Аскердик бул иш-чара Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун аскердик күчтөрүнүн ар кыл бөлүктөрүн бириктирет:

- ЖККУнун Тез арада аракетке келүүчү Жамааттык күчтөрүнүн "Взаимодействие-2023" деп аталган биргелешкен машыгуусу. Алар Чыгыш Европа аймагындагы кризистик кырдаалды жөнгө салуу үчүн күчтү жана каражатты колдонуу боюнча тапшырмаларды аткаруу ыкмаларын иштеп чыгат;

- ЖККУга мүчө мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн чалгын каражаттары жана күчтөрү менен "Поиск-2023" атайын машыгуусун өткөрүү;

- ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскерлеринин (жамааттык күчтөрүнүн) материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу күчтөрү жана каражаттары менен "Эшелон-2023" атайын машыгуусун өткөрүү;

- ЖККУга мүчө мамлекеттердин радиациялык, химиялык, биологиялык коргонуу жана медициналык камсыздоо боюнча түзүмдөрү менен биргелешип "Барьер-2023" машыгуусун өткөрүү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн