Бугу 03, 2024
Убакыт: 20:35
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кыргызстандын аймагында 3-7-август күндөрү күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

03.08.2020 09:19
824
Кыргызстандын аймагында 3-7-август күндөрү күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат


 

Кыргызстандын аймагында 3-7-август күндөрүндө күтүлгөн аба ырайынын болжолу тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымайт.

 

Ага ылайык, Чүй, Талас облустарында 3-августта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, Талас облусунда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

4-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

 

5-августта болсо түнкүсүн күн ачык болот. Күндүзү жана 6-август күнү Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

 

7-августта жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн