Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:28
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстандын аймагында бир жумада 269 мас айдоочу аныкталды

29.04.2024 10:51
96
Кыргызстандын аймагында бир жумада 269 мас айдоочу аныкталды


Кыргызстанда 22-апрелден 28-апрелге чейинки аралыкта 22 миң 534 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аныничинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 347;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 269;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 77;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 890;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 221;
  • авто ээнбаштык — 4;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 507;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 7;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 11 370

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 842 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн