Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:20
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстанда чектеш мамлекеттердин жарандарынын эмгектенүү иш-аракеттери мыйзамдашты

29.06.2020 15:57
1430
Кыргызстанда чектеш мамлекеттердин жарандарынын эмгектенүү иш-аракеттери мыйзамдашты


Президент Сооронбай Жээнбеков «КР айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Тышкы эмгек миграция жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 14-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын ченемдери иш издөө жана убактылуу эмгектенүү максатында Кыргызстандын аймагына мезгил-мезгили менен келип турган чектеш мамлекеттердин жарандарынын эмгектенүү иш-аракеттерин мыйзамдаштырууга багытталган.

Чек арага танапташ эмгек-мигранттары КР аймагында акы төлөнүүчү жеке эмгектик иш-аракетин визасыз режимдин колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде, салык салуу жана тышкы эмгек миграциясы чөйрөлѳрүндөгү мыйзамдарына ылайык, Кыргызстандын аймагында жалданма жумушчуларды жалдоого укуксуз жеке эмгектик иш-аракетине патенттин негизинде жүзѳгѳ ашырат.

Чек арага танапташ эмгекчи-мигранттарга эмгек миграциясына квота жайылтылбайт.

Кыргызстанда жеке эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында келген чегарага танапташ эмгекчи-мигранттарга визасыз режимдин колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде эмгек визасын алуу талап кылынбайт.

Чек арага танапташ эмгекчи-мигранттын жеке эмгектик иш-аракетине патенти болгон шартта миграция жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү уруксат документтерсиз аларды жалданма жумушка тартууга укуктуу жеке адамдар чегарага танапташ эмгекчи мигранттарга жумуш берүүчү боло алат.

Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер чегарага танапташ эмгекчи-мигранттарга жумуш берүүчү боло алышпайт.

Ошондой эле Бузуулар жөнүндө кодекси 57-1-беренеси менен толукталып, ага ылайык, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам эмгектик ишин жүзѳгѳ ашыруу эрежелерин бузуусу 5-категориядагы айып пул салууга алып келет. Бул иштерди кароо ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жүктөлгөн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн