Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстандын аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды

21.03.2020 17:37
987
Кыргызстандын аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды


Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус пандемиясына байланыштуу Коопсуздук Кеңеши менен жыйналыш өткөрүп анын жүрүүсүндө өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Жарлыка ылайык, өзгөчө кырдаал учурунда коомдук тартипти сактоо, мамлекеттик жана стратегиялык , өзгөчө режимдеги объектилерди, ошондой эле элдин жашоосун камсыз кылган объектилерди кайтаруу күчөтүлөт.


Соода борборлору, кинотеатрлар, театрлар, оюн-зоок, спорттук мекемелер иштебейт.  Ошондой эле, массалык, үй-бүлөлүк, эскерүү иш чаралары өткөрүлбөйт.


Карантиндин алкагында масштабдуу санитардык иш чаралар жүргүзүлөт.


Эске салсак, коронавирус илдети алгач Умрага барып келген Сузактын 3 тургунунан аныкталган болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн