Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 14:39
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт

18.10.2024 10:53
20
Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт


Бүгүн, 18-октябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу.

Белгиленгендей, адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында ӨКМдин телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген.

Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн