Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргызстандын айрым жолдорунда кар көчкү, айрым жерлерде сел жүрдү

18.02.2023 10:51
292
Кыргызстандын айрым жолдорунда кар көчкү, айрым жерлерде сел жүрдү

Транспорт министрлиги Кыргызстандын унаа жолдорундагы учурдагы абал тууралуу маалымат берди.



Транспорт министри Тилек Текебаев билдиргендей, Нарын облусу боюнча  кар жаап жатат, учурда Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун Долон ашуусу жана Кара-Үңкүр капчыгайында кар көчкү коркунучу болгондугуна байланыштуу Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен жол жабылган. Мындан сырткары Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолунун Арал-Казарман участогунун 195-210кмде кар калың жааганына жана кар көчкү коркунучуна байланыштуу жергиликтүү бийлик чектөө киргизген. Башка автожолдордо каттам бар Жол тейлөө ишканасынын жолчулары тынымсыз иштеп жатат.


Кочкор-Арал-Төө-Ашуу жолунун Арал-Кызыл ой участкасынын жол тасмасын кардан тазалоо иштери  жана Арал-Мин-Куш унаа жолунун жол тасмасын кардан тазалоо иштер аткарылды, азыркы учурда кар жаап жатат. Кардын калыңдыгы болжол менен 60-70 см болуп калды.




Ош облусундагы Кызыл-Арт ашуусунун 3-26 чейинки чакырымында каттам убактылуу жабык, бороон катуу жүрүүдө.  Ош-Сары-Таш-Эркештам 184-232 чи аралыктарында жол жабык, катуу бороон болуп жатат. Жеринде 2 погрузчик, 2 автогрейдер иштеп жатат. 


Мырза-Аке-Кара-Кулжа- Алайку 6-75 чм жол ачык, 1 погрузчик, 1 автогрейдер, 1 бульдозер иштеп ачып жатат, каттам бар. 70-115  көчкү түшкөн, жол убактылуу жабык, 1 бульдозер, 1 погрузчик иштеп жатат. Калган жолдор ачык, каттам бар.


Баткен облусу боюнча маалымат: Лейлек районунда кар жамгыр аралаш жаап жатат, жолдор ачык.  Кайрагач-Кулунду-Арка автожолунун 38 км (Мурас айылы) аралыгында, Маргун-Даркум автожолунун 15-18 км аралыгынын автожолунда (Жети-Таш айылында) жааган жамгырдан улам сел жүрдү.  Кадамжай району боюнча жамгыр жаап жатат, жолдор толугу менен ачык. 


Баткен району боюнча кар жамгыр аралаш жаап жатат. Айгул-Таш-Согмент-Таян, Сох-Кан-Зардалы, Сох-Газ автожолдорунда суу кар жаап жатат, жолдор ачык.


Жалал-Абад облусу боюнча маалымат: Алабука-Чаткал-Кировка унаа жолунун 110-чакырымында кар көчкү түшүп, унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бишкек-Ош унаа жолунун 243-чакырымында кар көчкү түшүп, унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди, техникалар иштеп жатат.  Калган аймактарда инерттүү материалдарды себүү жана жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат. Жолдун башка тилкелеринде жол ачык.


Чүй облусу боюнча маалымат: Бишкек-Ош унаа жолунун тилкесинде (Сосновка посту) саат 18:00дөн баштап оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.  Төө-Ашуу ашууда кар катуу жаап жатат.  Жолду кардан тазалоо иштери жүрүп, инертүү материалдардар себилүүдө.


Ысык-көл облусу боюнча маалымат: Барскоон-Акшыйрак жолунунун Сөөк ашуусунан башка жолдор толугу менен ачык, проезд бар, техникалар даяр.


Талас облусу боюнча маалымат: Аймактын бардык аймактарында жамгыр аралаш кар жаап жатат. Өтмөк ашуусунда кар жаап, бороон жүрүүдө.  Инерттүү материалдарды себүү жана тазалоо иштери жүрүп жатат.  Аймактын бардык аймактарында жолдор ачык.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн