18-марттан 24-мартка чейин Кыргызстандын бардык аймактарында "Акча тапсаң – сакта, келечекке пайда" деген ураан менен Глобалдык акча жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын алкагында Улуттук банк, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды, жогорку окуу жайларда лекцияларды жана тренингдерди өткөрөт.
Мындан тышкары, социалдык тармактарда #GMWKyrgyzstan2024 хештеги менен жайгаштырылган экскурсияларды, коммерциялык банктарда ачык эшик күндөрүн, балдардын сүрөттөрү, видеороликтери боюнча сынактарды жана башка ар кандай иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.
Глобалдык акча жумалыгынын алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат Улуттук банктын расмий интернет-сайтында, Финсабат сайтында жана Улуттук банктын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жайгаштырылган.
Маалымат үчүн: Глобалдык акча жумалыгы (Global Money Week) – бул балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү кеңири масштабдуу кампания.
Иш-чаралар күндөлүгү менен бул шилтемеден таанышууга болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн