Бугу 05, 2024
Убакыт: 05:46
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандын белбоо күрөшү боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына катышат

13.07.2023 09:48
1205
Кыргызстандын белбоо күрөшү боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына катышат


Кыргызстандын белбоо күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Астана шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашкандай, мелдеш 14-17-июль күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

Эркектер арасында курама команда:

- Бей-Барс Анарбеков, Кудайберди Жакыпов (57 кг);
- Нурлан Садыралы уулу, Толубай Шүкүров (62 кг);
- Нурсултан Мелис уулу, Мирлан Осмоналы уулу (68 кг);
- Айболот Аманов, Манас Үсөнов (75 кг);
- Мадаминбек Шаршеналы уулу, Шабдан Сатыбалдиев(82 кг);
- Бектуркан Кожомуратов, Болотбек Туратов (90 кг);
- Баяман Мыктыбеков, Баястан Идирисов(100 кг);
- Бактияр Мирлан уулу, Улукбек Күрүчбек уулу (+100 кг).

Кыз-келиндер арасында:

- Нурзада Нурисбекова (52 кг);
- Аяна Рыскулова (58 кг);
- Айжан Анарбекова (+76 кг).

Курама команда машыктыруучулар Тамчы Эсенбек уулу жана Нурбек Кожобековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн