Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:11
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргызстандын чегинен тышкары 44 шайлоо участкалары түзүлөт

31.07.2020 09:32
1257
Кыргызстандын чегинен тышкары 44 шайлоо участкалары түзүлөт


Кыргызстандын чегинен тышкары түзүлгөн шайлоо участкаларынын саны 44кө көбөйөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы маалымдады.


Буга чейин чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандарынын добуш берүүсүн камсыз кылуу максатында 42 шайлоо участкалары түзүлгөн.


БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргызстандын чегинен тышкары шайлоо участкалары түзүү жөнүндө 2020-жылдын 15-июлундагы №129 өз токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.


Өзгөртүүлөргө ылайык, Италия жана Францияда жашаган же жүргөн КР жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо максатында Рим жана Париж шаарларында добуш берүүнү уюштуруу жана добуш берүүнү эсептөө үчүн эки шайлоо участкасы түзүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн