Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө шектүү кармалганын Чүй облусунун милициясы билдирди.
Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө Кемин РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери чек араны мыйзамсыз кесип өткөн 1967-жылы туулган О.Г. аттуу Казакстандын жаранын кармады.
Бул факты Кемин РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн