Бугу 02, 2024
Убакыт: 10:57
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Кыргызстандын эл аралык резерви рекорддук чекке жетти

09.02.2024 11:20
476
Кыргызстандын эл аралык резерви рекорддук чекке жетти


Январдын аягында Кыргызстандын дүң эл аралык резерви 3 миллиард 313,49 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.


Бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бүткүл тарыхындагы резервдердин эң жогорку деңгээли.


Буга чейин резервдердин эң жогорку деңгээли 2021-жылдын сентябрында (3 миллиард 241,14 миллион доллар) жана 2023-жылдын декабрында (3 миллиард 236,48 миллион доллар) болгон.


2024-жылдын январында 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу дүң эл аралык резервдер 77,01 миллион долларга көбөйдү. Өткөн жылдын январынан айырмаланып, алар 563,5 миллион долларга көбөйгөн.


Улуттук банк валюта рыногундагы кескин өзгөрүүлөрдү текшилөө үчүн резервдерди колдонот. 2023-жылы ал 14 интервенция жасап, 655,72 миллион доллар саткан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн