Теке 03, 2024
Убакыт: 17:21
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Кыргызстандын элчиси Мамытканов Азербайжан президентине ишеним грамоталарын тапшырды

01.07.2024 16:33
94
Кыргызстандын элчиси Мамытканов Азербайжан президентине ишеним грамоталарын тапшырды


Бүгүн, 1-июлда Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов Азербайжан президенти Ильхам Алиевге ишеним грамоталарын тапшырды.

ТИМден юилдиришкендей, элчи Максат Мамытканов Азербайжан президенти Ильхам Алиевге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун салам сөздөрүн жана эң жакшы каалоо-тилектерин жеткирди.

Ильхам Алиев Максат Мамыткановду кызматка дайындалышы менен куттуктап, жаңы жумушунда ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде, элчи Максат Мамытканов эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшарын маалымдады.

Ишеним грамоталарды тапшыруу аземинин алкагында болгон маекте тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын канааттануу менен белгилешти. Бул контекстте маектештер Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын апрелинде Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын ийгиликтүү жыйынтыкталгандыгын жана өлкөлөр ишке ашыра баштаган эки тараптуу ири долбоорлордун маанилүүлүгүн белгилешти.

Кыргызстандын элчиси учурдагы кыргыз-азербайжан мамилелеринин жогорку деңгээли эки мамлекет башчынын биргелешкен жигердүү ишинин аркасында жетишилгенин айтып, Азербайжандын президентине эки өлкө ортосундагы достукту бекемдөө үчүн жасап жаткан аракеттерине ыраазычылык билдирди.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү үчүн чоң потенциалдын бар экендигин баса белгилешти жана Кыргызстан менен Азербайжандын ар кандай чөйрөлөрдө, анын ичинде эки өлкө катышкан көп тараптуу иш-чаралардын алкагында өз ара аракеттенүүсүнүн келечектүүлүгүн талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн