Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:28
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Азия кубогуна жолдомо утту

12.06.2024 09:36
1589
Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Азия кубогуна жолдомо утту


11-июнда Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча улуттук курамалары кез келди.

Беттеш Омандын Маскат шаарындагы “Султан Кабус” спорт комплексинде болуп өттү.

Бүгүнкү оюн курамалардын 1:1 эсебинде тең чыгуусу менен аяктап, жыйынтыгында Кыргызстандын улуттук курамасы 2027 Азия кубогуна жолдомо жана тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундуна чыгуусун камсыздады.

Жыйынтыктоочу турнирдик жадыбалда Кыргызстандын курамасы 11 упай менен экинчи орунду ээледи. Оман 13 упай менен биринчи орунда, Малайзия 10 упай менен үчүнчү орунда, Кытайлык Тайбэй 0 упай менен акыркы орунда.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстан жана Оман улуттук курама командалары 2026-жылкы Дүйнө чемпионаты жана 2027-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын экинчи раундунун жыйынтыктоочу турунун алкагында оюн өткөрдү.

Квалификациянын экинчи раундунун жыйынтыгында ар бир тайпадан эң мыкты эки курама 2027-жылкы Азия кубогуна жолдомо алып, 2026-жылкы дүйнө чемпионатына болгон жолдомого күрөшүн улантат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн