Бугу 04, 2024
Убакыт: 19:32
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандын футбол боюнча курамасын машыктырууга чет өлкөлүк адистер кызыкдар

13.04.2023 17:42
888
Кыргызстандын футбол боюнча курамасын машыктырууга чет өлкөлүк адистер кызыкдар

Кыргызстан футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусун сырттан алып келиши мүмкүн.


Кыргыз футбол бирикмесинин президенти Медербек Сыдыков “Азаттыкка” берген маегинде башкы машыктыруучу Александр Крестининдин кызматтан кетиши жана жаңы машыктыруучу ким боло турганы тууралуу суроого жооп берди.


“Александр Крестинин менен сүйлөшүп, акылдашып, анан ушундай чечимге келдик. Негизги максат – жаңылануу болду. Азыр курамага жаш оюнчулар кошулуп, жолдоштук беттештерде аларды текшере баштадык. Муун алмашып жатат, ушул себептен дагы Александр Крестинин менен бирге отуруп, талкуулап, жаңыланууну башкы машыктыруучудан баштайлы деп чечтик. Анткени жаш муун башынан эле машыктыруучуга көнө берсин дедик. Себеби алдыда эки ири мелдеш күтүп турат: ноябрь айында дүйнө чемпионатына тандоо оюндары жана июнь айында Азия кубогу өткөнү турат”, - дейт ал.

Сыдыков Крестининдин ортуна чыгыштан баштап батышка чейин талапкерлер көп экенине токтолду.

“Бирикменин техникалык директору, комитетке жыл башында эле бул багытта тапшырмалар берилген. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Талапкерлердин спорттук жетишкендиктерин, тажрыйбасын, биздин менталитетти, тилди билиши, ошондой эле коюлган максатты аткара алышын карап жатабыз. Башкы машыктыруучуну сырттан алып келебиз деп ойлоп жатабыз”, - деди бирикменин президенти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн