Бугу 04, 2024
Убакыт: 18:01
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Омандын командасына утулуп калды

21.06.2023 08:46
1536
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Омандын командасына утулуп калды


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Омандын командасына 0:1 эсебинде утулуп калды.

CAFA Nations Cup 2023 турниринин коло медалы үчүн болгон беттеш бүгүн Ташкенттеги "Пахтакор" стадионунда өттү.

Оюндун биринчи бөлүгүнүн аягында "Ак шумкарлар" атаандашынын дарбазасына гол киргизип, бирок эреже бузулгандыктан, ал эсептелген жок. Ошентип оюндун биринчи таймында эсеп 0:0 менен аяктады.

Оюндун экинчи бөлүгүндө "Ак шумкарлар" атаандаштын дарбазасында көптөгөн кооптуу учурларды жаратышты.

Оман курамасы сейрек чабуулдардын биринде оюн эсебин ача алды. Беттештин 71-мүнөтүндө омандык жарым коргоочу Аршад Аль Аляви "Ак шумкарлардын" дарбазасына гол киргизди.

Ошентип, Кыргызстандын футбол курамасы CAFA Nations Cup турниринде 4-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, эл аралык мелдештин финалында Өзбекстан менен Ирандын курамалары кез келет. Оюн бүгүн Ташкенттеги "Бунёдкор" стадионунда өтөт.

Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын январь айында старт ала турган Азия Кубогунда Оман курамасы Кыргызстандын тайпа боюнча атаандашы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн