Бугу 05, 2024
Убакыт: 01:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандын футбол клубдарына машыгууларын баштоого уруксат берилди

08.06.2020 13:17
1371
Кыргызстандын футбол клубдарына машыгууларын баштоого уруксат берилди


Кыргызстандда футболдук клубдар 8-июндан тарта машыгууларды жандандырышат. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, 8-июндан тарта карантинден улам киргизилген чектөөлөр алынып салынды.


Мындан улам, окуу-машыгуу сабактарын башталышынын алдында командалар оюнчуларын медициналык текшерүүдөн өткөрүү, санитардык ченемдерди жана эрежелерди, гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чаралардын сакталышы жана спортчулардын дене табын контактсыз көзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылуулары керек.

 

Төмөнкү мелдештерге окуу-машыгууларын өткөрүүгө уруксат берилди:


• Кыргыз Премьер-лигасы (футбол);

• Улуттук Лига (футбол);

• Экинчи Лигасы (футбол);

• Фан-Лига (футбол);

• Кыргыз Республикасынын Суперкубогу (футбол);

• Кыргыз Республикасынын Кубогу (футбол);

• Ардагерлер Лигасы (футбол);

• Кыргыз Республикасынын Суперлигасы (футзал);

• Кыргыз Республикасынын Кубогу (футзал);

• КР АФК-2020 кубогу (футзал);

• Супер Кубогу (футзал);

• Евразиялык лиганын 3-туру (кум үстүндө футбол).

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн