Кыргызстандын гимнастика боюнча улуттук курама командасы “Огни Енисея” мелдешине катышты.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 15-16-ноябрь күндөрү Россиянын Красноярск шаарында өттү.
Анын жыйынтыгында:
- “Прайм” командасы 12-14 жаштагылар арасында алтын медалга ээ болду;
- “Юниор” командасы юниорлор арасында жеңишти жетти;
- “Гранд” командасы чоңдор арасында коло медалдын ээси болду.
Белгилей кетсек, спортчулар машыктыруучулар Элина Ратинова жана Васим Сокаринин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн