Кыргызстанда 8-июндан баштап ички авиа рейстердин иши жанданат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 29-майдагы брифингде айтты.
Маалыматка ылайык, 8-июнан тарта Бишкек-Ош каттамы боюнча күнүнө бир жолу учууга уруксат берилет. Каттамды санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо менен жаңылоо керек.
Ал эми эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмесине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн