Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 18:25
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандын ички дүң өндүрүшү былтыркыга салыштырмалуу төмөндөдү

13.07.2021 11:43
1538
Кыргызстандын ички дүң өндүрүшү былтыркыга салыштырмалуу төмөндөдү

Улуттук статистика комитети Кыргызстандын экономикалык-социалдык абалы тууралуу соңку көрсөткүчтөрдү жарыялады. Ага ылайык, ушул жылдын алты айында ички дүң өнүмдүн (ИДӨ)көлөмү 271 миллиарддай сом болду. Бул былтыркы ушул маалга салыштырмалуу 1,7 % төмөн.


Кумтөр кенин эске албаганда, ушул жылдын январь-июнь айларында ИДӨнүн көлөмү 242 миллиард сомду түзүп, 2020-жылга караганда 3,7 % жогорулады. Өнөр жай өнүмдөрүнүн көлөмү жыл башынан бери 154 миллиард сом болуп, 10,6% азайды. Курулуш тармагындагы төмөндөө 14,2% түздү. Айыл чарбасында болсо 1,3%, дүң жана чекен соода жүгүртүү 11% өсүү байкалды.


Алты айда өлкөдө керектөө баалары жана тарифтердин жогорулашы 7,3% болду.


Өсүмдүк майы 22,8, кумшекер 22,5%, мөмө-жемиш 18,8%, гречка 18,4%, кой эти 17,8%, уй эти 5,9%, балык 7,7%, жогорулады.


Ушул жылдын биринчи жарымында сырткы жана ички сооданын көлөмү 2,8 миллиард доллар болду. Бул былтыркы ушул маалдагы көрсөткүчкө караганда 27,7 пайызга жогору. Экспорт 4,4, ал эми импорт 40,5% жогорулады.


Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөр менен өз ара соода 1,3 милилард доллар болду жана 2020-жылга караганда 34,8% жогорулады.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн