Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстандын ички ишин сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдары тейлегени турабы?

15.02.2021 09:57
869
Кыргызстандын ички ишин сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдары тейлегени турабы?


Кыргызстандын бүгүнкүдөй абалга кептелишине албетте Акаевдин убагынан тарта Ак үйдүн 7-кабатына чейин чыгып кеткен коррупция себепкер. Мамлекеттин казынасына түшүшү керек болгон акчалардын ири чиновниктердин кулкунуна кирип кеткени адатка айланып калгандан улам бизде өнүгүү да, өсүү да болбоду. Чиновниктерибиз чириген бай, ал эми мамлекет өзү жарды, алсыз болуп калды. Ушул күнгө чейин мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп келгендердин дээрлик басымдуу бөлүгү алып келген айлык акыларына салыштырмалуу кыйла бай жашайт. Же таптакыр эле тамак жебей, кийим сатып албай айлык акыларынын тыйынын да коротпой жыйнашканбы деген ойго келесиң. Антип жашоого мүмкүн эмес экенин эске алган соң, бардык маселе коррупцияга келип такалып жатканын түшүнөсүң. 


Андыктан бүгүнкү күндө коомчулуктун коррупцияга каршы туруу аракеттери албетте колдой турган көрүнүш. Кече 14-февралда борбор шаарыбыздагы темир жол бекетинин жанына «Акыйкаттык үчүн» деп аталган тынчтык маршынын катышуучулары топтолуп, Эркиндик бульвары аркылуу Ала-Тоо аянтына чейин жөө жүрүш жасашты. Алардын жөө жүрүшкө чыгуусуна Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата чыгарылган соттун чечими болду. Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 11-февралда Р. Матраимовду «Коррупция» беренеси боюнча айыптуу деп таап, 260 миң сом айып пулга жыккан. Акциянын катышуучулары бул чечимди адилеттүү болбой калды деп эсептешет. 


Албетте, Матраимовго карата соттун чечими элдин көбүнө жаккан жок. Эл бул ирет ага карата соттун катаал чечимин күтүп жатканы ырас болчу. Себеби, мурдагы бийликтин учурунда да бул маселе бир нече жолу көтөрүлгөн. Ал эми өткөн жылдын октябрь тополоңунан кийин келген бийлик башында «Райым миллион камалат!» деген убаданы берип алган эле. Демек, эл ошол убаданы күтүп жаткан. 


Андыктан коюлуп жаткан талаптар туура. Эл чындап эле коррупциялашкан чиновниктерден, акыйкатсыз соттордон чарчады. Эртеңки күнгө карата үмүтсүздүктөн да чарчады. Акыры келип элдин үмүтүн актай турган бийлик орноп, коррупцияга аралашкандардын баарын айоосуз жазалап, эл ырыскысын элдин өзүнө калтырышы керек. Күтүүнүн, чыдоонун да чеги болот эмеспи? 


Бирок, 14-февралда өткөн жөө жүрүштөгү башка жагдай дагы маанилүү. Бул акцияга катышкандардын басымдуу бөлүгү чет мамлекеттерден каржыланган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү болушту. Негизи эле узак жылдардан бери карай бейөкмөтчүлөр Кыргызстандын ички ишине кийлигишип, өлкөдөгү стабилдүүлүктүн солкулдак болуп турушун камсыздап келатышат. Кыргыз элинин уңгусуна, уюткусуна туура келбеген жат көрүнүштөрдү пропагандалап да чыга калышат. Ички саясий маселелерге да кийлигишет. Айтор, маал-маалы менен активдеше калышат. Бул жолу да алардын активдеше баштаганы байкалууда. Кыргызстандын сотторунун чыгарган чечимдери – бул мамлекеттин ички иши. Ал эми ички иштерге чет мамлекеттерден каржыланган бейөкмөт уюмдарынын кийлигишкени эмнеден кабар берет? Албетте, коррупцияга каршы туруу керек. Бирок, ошол маселени курал катары колдонуп, мамлекеттин ички саясатына таасир эткиси келген сырткы күчтөргө да жол берилбеши зарыл.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн