Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:18
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстандын калкынын 65 пайыздан ашыгы айыл жеринде жашайт

02.08.2023 11:33
213
Кыргызстандын калкынын 65 пайыздан ашыгы айыл жеринде жашайт


Бүгүнкү күндө Кыргызстандын айыл калкынын саны 4 миллион 583,9 миң адамды түзөт. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитет тарабынан даярдалган «Кыргызстан цифралар менен» аттуу жылнамада келтирилген.


Айыл тургундары республиканын жалпы калкынын 65,1 пайызын түзөт. Шаарларда 2 миллион 453,7 миң адам (34,9 пайыз) жашайт. 2019-жылга салыштырмалуу айыл калкы 368 миңге, шаар калкы 280,1 миң адамга көбөйдү.


Жалпысынан акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда 7 миллион 37,6 миң адам жашайт. Анын ичинен 3 миллион 557,3 миң адам аялдар (50,5 пайыз), 3 миллион 480,3 миң адам (49,5 пайыз) эркектер.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн