Бугу 09, 2024
Убакыт: 03:56
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргызстандын кампасында Кумтөрдөн алынган 50 тонна алтын бар, - Орунбеков

30.12.2023 09:45
919
Кыргызстандын кампасында Кумтөрдөн алынган 50 тонна алтын бар, - Орунбеков


Кыргызстандын куржунунда ушу тапта Кумтөрдөн алынган 50 тонна алтын бар. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жазды.


Ал Кумтөрдөн түшкөн кирешени кенге республика өзү ээлик кыла баштагандан кийинки учур менен салыштырган.


"Кумтөрдү чет элдик компания иштеткен 28 жылда 410 тонна алтын казылган, анын бир граммы дагы Кыргызстанга калган эмес. Ушул жылдары үлүштүк кирешеден болгону 100 миллион доллар киреше алганбыз. Кумтөр мамлекетке өткөндөн кийин, тактап айтканда, 2022-2023-жылдагы жалпы кирешеси 698,6 миллион доллар, мындан тышкары, 50 тоннадан ашык алтын кампабызда турат", — деп жазды Орунбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн