Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:19
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстандын карызы ар бир жаран үчүн 746,8 доллардан туура келет

09.02.2021 18:26
825
Кыргызстандын карызы ар бир жаран үчүн 746,8 доллардан туура келет

 Декабрдын аягында ар бир кыргыз жараны үчүн  мамлекеттик карыз 746,8 долларды түзгөн. Бир айда көсөткүч 6,3 долларга көбөйгөн. Бул боюнча Каржы министрлигинен билдиршти.


Мекеменин маалыматы боюнча, 2020-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик карыз (тышкы + ички) 4 миллиард 928,67 миллион долларды (407 миллиард 353,36 миллион сом) түздү. Анын ичинде 4 миллиард 220,31 миллион доллар (348 миллиард 807,69 миллион сом) - тышкы, ал эми 708,36 миллион доллар (58 миллиард 545,66 миллион сом) - ички карыз.

Бир ай ичинде өлкөнүн мамлекеттик карызы 41,24 миллион долларга көбөйгөн. Ошол эле учурда тышкы карыз 1,93 миллион долларга, ал эми ички карыз 39,28 миллион долларга көбөйгөн.

Декабрдын аягында мамлекеттик карыз ИДПнын 68,08 пайызын түздү.


 Кыргызстан  көп тараптуу жеңилдетилген насыяга - 1 миллиард 915,93 миллион доллар (тышкы карыздын 45,4 пайызы) жана Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкына - 1 миллиард 766 миллион доллар (Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын 41,8 пайызы) карыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн