Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 12:48
USD
89.40
89.87
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Кыргызстандын келечеги Жаныбек Абиров сыяктуу жаштарда

17.06.2021 11:06
2555
Кыргызстандын келечеги Жаныбек Абиров сыяктуу жаштарда


Жаш болсо да эл оозуна алынып, уюштуруучулук жөндөмү жана терең билими менен өзгөчөлөнө алган жаштардан уучубуз куру эмес. Буга мисал катары Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировду ачык эле айтсак болот. Ал бул кызматты 2018-жылдын 20-сентябрынан бери татыктуу аркалап келет.


Аны жакындан билгендер терең билимин жана бийик интелектуалдык деңгээлин баса белгилеп айтышат. Эки жогорку билимдин ээси. Адегенде Кыргыз-Орус Славян университетин «юриспруденция», андан кийин КР президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу Академиясын «мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу менеджменти» адистиктери боюнча аяктаган.


2008-жылы Америка Кошмо Штаттарында жашап жана иштеген. Бул анын өспүрүм кезинен эле өз алдынчалыкка ык алып, турмуштан эртерээк сабак алышына жол ачып берген. Башка элдин, бөлөк жердин шартына ыңгайланышып жашоо, иштөө дагы адам баласынын жашоосуна жакшы сабактарды бере алат.


Кийин Кыргызстанга кайтып келип, жеке ишкерлик менен алектене баштаган. Жаштыгына карабай бир топ кыргызстандыктарды жумуш орундары менен камсыздай алган. «Абиров» аттуу фонд түзүп, аны өзү жетектеп 8-11-класстардын окуучуларынын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатында иш алып барган.


2016-жылы Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп келип, 2018-жылы анын төрагалыгына шайланган. Жаштыгына карабай ал шаардык кеңешти татыктуу башкарып келет. Анын бүгүнкү күндө жасап жаткан иштери алгачкы кадамдары гана десек болот. Эл үчүн жасай турган иштери али алдыда.


Өткөн кылымдын башынан берки тарыхыбызга көз жүгүртсөк эле, канчалаган кыргыздын чыгаан уулдары түрдүү бут тосууларга, көрө албастыктарга кабылган. Өз эли, өз мамлекети үчүн каруусун казык кылып иштей турган күчү бар, ниети бар аталарыбыз ичтен чыккан жаттардын айынан «Эл душманы» аталып, репрессияга кабылышкан. Кийин убакыттын өтүшү менен алардын баары акталды. Алтургай элибиздин сыймыктуу чыгаан уулдары болушканын моюнга алдык.


Муну айтып жатканыбыздын себеби, бүгүнкү күндө да ошондой көралбастык, ич тардык илдеттерибиз бар. Жаңыдан талпынып, эли-жери үчүн кызмат кылсам деп келаткан Жаныбек Абировго да көө сүйкөө аракеттери жасалууда. Анын баарына Абиров сабырдуулук менен мамиле жасап келет.


11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна ал «Эмгек» партиясын баштап барган эле. Эми кайрадан өтө турган шайлоого катышпай турган болду.  Ошентсе да Жаныбек Абировдун эл үчүн жасай турган иштери али алдыда деп билебиз. Мындай иштин көзүн билген, жүрөгүндө жалыны бар, билимге терең сугарылган жаштар Кыргызстандын келечеги үчүн кызмат кылуулары керек.


Сагынбек Сатыкеев



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн